ЖУМУШКА ОРНОШУУ

Россияда мыйзамсыз иштөө – олуттуу укук бузуу болуп эсептелет. РФ аймагында расмий түрдө жумушка орношуу үчүн жумуш берүүчү менен төмөнкүлөрдү түзүү керек:

– эмгек келишими – жумуш берүүчүнүн иш жеринде узак убакытка чейин туруктуу иштегенде;

– кызмат көрсөтүү келишими же жалдануу келишими – убактылуу кызмат көрсөткөн учурда, чектелген убакыт ичинде чектелген көлөмдөгү иштерди аткарууга жалданганда.

Жумушка расмий орношуу үчүн документтер

Евразия Экономикалык Союзуна кирген өлкөлөрдүн жарандары Россиянын аймагында кошумча уруксат документтерин толтурбастан жумушка орношууга укуктуу. Эмгек жана жарандык-укуктук келишим жарандардын РФ аймагында бул өлкөлөрдүн жарандарынын жана РФ алардын РФ аймагындагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.
Эгер Россиянын аймагында иштегени жатсаңыз, чек арада миграциялык картаңызды көрсөтүп, “кирүү максаты” графасына “иштөө” деп көрсөтүшүңүз керек.Жумушка орношуу үчүн миграциялык каттоого турушуңуз керек. Жумуш берүүчү эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүүгө милдеттүү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн билим берүү уюмдары тарабынан берилген билим тууралуу документтери кабыл алуу процедураларынан өткөрүлбөстөн автоматтык түрдө кабыл алынат. Бирок ал документтерге педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык ишмердүүлүктөр кирбейт. Аталган адистер билим тууралуу документтерин кабыл алуу процедурасынан өтүүлөрү керек. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгектенген жарандарынын эмгек стажы жалпы эмгек стажына эсептелет.

Эмгек келишими боюнча иштеген ЕАЭБ жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ОМС полиси) акысыз толтурууга укуктуу.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн салык алуу РФ жарандарынын салык коюмдары боюнча биринчи киреше алган күндөн тартып жүргүзүлөт

Россияда иштеген ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары РФ жарандарындай эле профсоюздарга кирүүгө, жумуш берүүчүдөн маалымкаттарды жана алардын кесип, иштөө мөөнөтү жана эмгек акысы көрсөтүлгөн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алууга укуктуу. Андай маалымкаттар эмгек акы төлөнбөй же жумуштан мыйзамсыз айдалган учурда, ошондой эле кийинчерээк эмгек пенсиясын толтурууда керек болот.

Эмгек мамилелерин бузуу учурунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары РФ аймагында жаңы эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүүгө укуктуу.

РФда дасыккан адистердин 135 кесибинен турган тизме бар. Ал адистердин РФ аймагында 1 жылдан ашык расмий эмгек стажы болсо, россиянын жарандыгын тезирээк ала алышат. Кесиптердин тизмесин сайттан көрүүгө болот. Жумуш издөөдө, россиянын бош жумуш орундар расмий базасын колдонууну сунуштайбыз: www.trudvsem.ru – РФ Эмгек министрлигинин жалпы россиялык бош жумуш орундар базасы. Ар бир аймакта онлайн жеткиликтүү болгон бош жумуш орундар расмий базасы бар.

Жумушка орношуу учурунда кеңештер:

– мыйзамдуу иштеңиз;

– жумуш берүүчүңүздү билиңиз: сиз иштеген фирманын аталышын жана дарегин, жетекчиңиздин байланыш маалыматтарын (аты, фамилиясы жана телефон номери); бул маалымат эгер сизге укугуңузду коргоо же эмгек акыңызды талап кылуу зарыл болгондо пайдалуу болот;

– ортомчуларга кайрылбаңыз: алар Сизди акысыз жумушчу күчү катары колдонушу мүмкүн;

Кызматка берүү (жумуш берүүчүнүн жумушчуларды эмгек мамилелери боюнча документтерди толтурбастан башка уюмдарга жөнөтүшү) Россияда тыюу салынган. Жеке жумуштуулук агенттиктери катары катталган фирмалар гана жумушчуларынын кызматын башка уюмдарга же физикалык жактарга бере алат, муну менен бирге алар:
– чет өлкөлүк жумушчу менен түзгөн эмгек келишиминде үчүнчү тарапта иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө;
– жумушчуну үчүнчү тарапка жөнөтүп жатканда, аны менен кошумча макулдашууну түзүүгө милдеттүү. Эгер жеке жумуштуулук агенттиктерине кайрылсаңыз, ал шарттар Сиздин эмгек келишимиңизде көрсөтүлгөнүн сөзсүз түрдө текшериңиз. Мыйзамдуу иштеген жеке жумуштуулук агенттиктери Россиянын эмгек реестрине катталган. Ал тизмеде жумуш берүүчүңүз бар экенин сөзсүз түрдө текшериңиз.

– жумуш берүүчү менен келишим түзүңүз: жарандык-укуктук же эмгек келишимин түзүү өзүңүздүн укуктарыңызды коргоого, социалдык кепилдиктерди алууга, милдеттериңизди так билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жумуш берүүчү сиз менен келишим түзүүгө жана Сизге ал келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү;

– эмгек акыны төлөө шарттарын жана өлчөмүн так сүйлөшүп алыңыз: Сизге кайсыл жумуш үчүн канча төлөшү керек экенин. Акчаны атайын банк картаңызга же бухгалтерияда кол коюу менен алышыңыз керек. Сизге канча төлөп жатышканын түшүнүү үчүн бухгалтериядан эсептешүү баракчасын алууга укуктуусуз. Ар кандай акча мамилелерин документтештирүү керек. Эгер сизге акча керек болсо – өзүңүздө сактаган расписканы жумуш берүүчүдөн талап кылыңыз;

– кол коюп жатканда бардык нерсени кылдат окуп чыгыңыз, алардын көчүрмөсүн берүүнү талап кылыңыз: Кол коюп жаткан нерсе менен макул болушуңуз керек. Документтердин мазмуну жана шарттарына макул болбосоңуз, документтерге кол коюуга милдеттүү эмессиз;

– жумуш берүүчүгө документтериңизди бербеңиз: Сизден башка эч ким паспортуңузду, жумушка уруксатыңызды, камсыздандырууңузду, эмгек келишимиңиздин экземплярын жана башка документтерди сактап, ошондой эле жылып жүрүү эркиндигиңизди чектеп, телефонуңузду алып ж.б. аракеттерди аткара албайт.Паспортту алып коюу жана эркиндикти чектөө кылмыш болуп эсептелет. Мындай учурда полицияга кайрылыңыз!

эмгек күндөлүгүн ачып, ага иштеген нөөмөт жана эмгек акыңыздын эсептерин жазып туруңуз, жумуш берүүчү жана анын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүңүздүн баарын аудио жана видеого жазып, ишиңизге тийиштүү бардык документтердин көчүрмөлөп жана сүрөткө тартыңыз. Бул маалыматтар эмгек талаш-тартышында сиздин туура экениңизди далилдөөгө жардам бериши мүмкүн;

төмөнкү кызматтарга жардамга кайрылыңыз: полиция, адамдын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу прокуратура, Мамлекеттик эмгек инспекциясы, РФ МВД миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы, сот, ошондой эле укук коргоочу уюмдар. Аймагыңыздагы бул уюмдар тууралуу сөзсүз билип, алардын байланыш маалыматтарын сактап коюңуз! Зарыл болгон байланыш маалыматтары – Аймактар тууралуу маалымат, андан кийин Байланыштар же Жардам.

Жумушка орношуу, эмгек укуктарын коргоо, пайдалуу байланыштар тууралуу кеңири маалымат