ПОЛИЦИЯ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕШҮҮ

Эгер кылмыштын күбөсү же курмандыгы болуп калсаңыз – полицияга 02, 102 же 112 номерлери боюнча кайрылыңыз, www.мвд.рф

Полициянын милдетине чет өлкөлүк жарандар тарабынан РФ аймагында убактылуу же туруктуу жашоо, убактылуу жашап туруу, РФ аймагына кирүү жана андан чыгуу, РФ аймагы аркылуу өтүү тартиптеринин аткарылгандыгын жана чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн текшерүү кирет. Полиция кызматкерлери жарандардын документтерин, өздүгүн тастыктаган документтерин текшерүүгө, эгер административдик укук бузуу ишин козгоого жүйө, ошондой эле аны кармоого негиздер болсо аны кармоого; жарандардын кандайдыр бир аракеттерди жасоого жана полиция көзөмөлдөгөн белгилүү бир ишмердүүлүк түрүн аткарууга уруксаттарын текшерүүгө укуктуу.

Чет өлкөлүк жаран паспортун, миграциялык картасын, каттоосун, төлөм тууралуу чектери менен жумуш патентин, жарактуу медициналык полисин ар дайым жанында алып жүрүшү керек. Бул документтерди кызматтык милдеттерин аткарып жаткан полициянын кызматкерлери гана текшерүүгө укуктуу. Алар полициянын формасында болуп, атайын төш белгисин (жетон) тагып жүрүшү керек. Аны эстеп калып же номерин жазып алыңыз. Сизге кайрылып жатканда полиция кызматкери наамын, кызматын, фамилиясын айтып, күбөлүгүн көрсөтүп, документти текшерүү максатын жана себебин түшүндүрүп бериши керек (“Полиция тууралуу” мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгү). Себепти айтпай туруп документти текшерүүгө болбойт – полиция кызматкеринде Сизден укук бузууга шек саноого негиздери болушу керек. Документтерди кызматкерге алдын ала эскертүү менен өзүңүздүн колуңуз менен, ага бербей туруп көрсөтө аласыз. Полиция кызматкери документтин аныктыгынан шек санашы мүмкүн. Мындай учурда документтин аныктыгын атайын базадан текшерүү үчүн аны менен полициянын эң жакын пунктуна баруу керек. Туугандарыңызга же досторуңузга чалып, кайсыл жерде ким менен сүйлөшүп жатканыңызды кабарлап коюңуз, бул өтө маанилүү.

Пара берүү жазык кылмышы болуп эсептелет! Полиция кызматкерине акча бербеңиз!

Документтерди атайын рейддердин жүрүшүндө РФ МВД миграция маселелери боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери да текшере алат. Көрсөтүлгөн жумуш жери иш жүзүндөгү менен дал келери текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгында кызматкерлер акт түзүп, эгер кандайдыр бир бузулуулар болсо, протокол түзүлөт. Акттын жана протоколдун бир экземпляры сөзсүз түрдө кармалган адамга берилет.

Кармоо учурунда

Кармалган адам телефон аркылуу сүйлөшүүгө укуктуу (“Полиция тууралуу” мыйзамынын 14-беренесинин 7-пункту). Соттун чечимине чейин жаран 48 сааттан ашпаган мөөнөткө кармалышы мүмкүн. Кармоо тууралуу протокол түзүлөт. Протоколду окубасаңыз, мазмунун түшүнбөсөңүз же ал жерде жазылгандарга макул болбосоңуз, ага кол койбоңуз. Протоколдо сөзсүз түрдө өзүңүздүн көз-карашыңызды жазыңыз. Ал үчүн атайын талаа белгиленген. Протоколду эне тилиңизде окуу үчүн котормочуну талап кылууга укуктуусуз (эгер Сизге котормочу берилбесе, бул тууралуу протоколго жазыңыз (эне тилинде жазууга болот)). Протоколго жазгандарыңыз сөзсүз түрдө сотто маанилүү далил катары каралат. Кармоо тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин гана Сизге административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүлүшү мүмкүн. Эгер протоколдун мазмуну менен макул болбосоңуз, “Протокол менен макул эмесмин” деп жазып, анын себебин көрсөтүңүз. Протоколдун көчүрмөсүн берүүнү сөзсүз сураныңыз (“Полиция тууралуу” мыйзамынын 14-беренесинин 15-пункту). Миграция чөйрөсүндөгү административдик укук бузуу тууралуу протоколду Миграция маселелери боюнча башкармалыктын кызматкерлери гана толтура алат. Протокол түзүү айыппул төлөшүңүз керек экенин билдирбейт. Ишиңиз сотто сиздин катышууңузда же Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча райондук бөлүмүндө каралышы керек. Кароо жыйынтыктары боюнча, Сизге 10 күндүн ичинде аткарышыңыз же сотко даттанышыңыз керек болгон токтом берилиши керек.

! Полиция кызматкерлери документтериңизди айыппулду же башка төлөмдү төлөө үчүн документтериңизди алып коюуга укугу жок. Бул мыйзамсыз (19.17.-берене, КоАП РФ). Айыппулду токтомсуз төлөөнү талап кылуу мыйзамсыз! Эгер сизди мыйзамсыз токтотуп же полицияда мыйзамсыз кармап жатышса, аймагыңыздагы Коомдук байкоочу комиссияга (ОНК) кайрылыңыз.ОНК мүчөлөрү да чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарын текшерүүгө, Сизге акысыз юридикалык жардам көрсөтүүгө укуктуу.

Эгер полиция кызматкерлери укуктарыңызды бузуп, арыздарды кабыл алуудан баш тартып, милдеттерин аткарбай, пара берүүнү талап кылып же зомбулук колдонсо, мамлекеттик же коомдук уюмдарга жардамга кайрыла аласыз.