БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгектенген жарандары менен кошо жашаган балдары мектепке чейинки мекемелерге барууга, башталгыч, орто, атайын орто, жогорку билимди алууга укуктуу. 

Балдарыңыз РФ аймагында мыйзамдуу жүрүп, миграциялык картасы жана миграциялык каттоого (каттоо) тургандыгы тууралуу билдирүүсү болушу керек. Мектеп жана мектепке чейинки курактагы баланын кирүү максаты “жеке” болуп саналат. ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык, эмгектенген мигранттардын, Евразия экономикалык союзундагы өлкөлөрдүн жарандарынын балдары РФ аймагында ата-энесинин эмгек келишиминин жарактуу мөөнөтүнө чейин жана негизинде жүрүшөт. 

Чет өлкөлүк жарандардын 18 жашка чыга элек балдары РФ аймагында иштегенге укуктары жок!

Чет өлкөлүк жарандардын балдары РФ жарандарынын балдары сыяктуу эле балдар бакчасына барып, мектепте акысыз окуу укугуна ээ.

Баланы балдар бакчасына берүү үчүн эң жакын балдар бакчасынын администрациясына же катталган жериңиз боюнча көп функционалдуу борборго (МФЦ) кайрылышыңыз керек.

Ири шаарларда бала бакчалар жок болгондуктан, кезек күтүү керек. Эгер балдар бакчасында бош орун жок болсо, балаңыз ал жерге кезекке турат же болбосо бош орундар болгон башка балдар бакчасына жөнөтүлөт. Баланы балдар бакчасына алдын ала орноштурууну сунуштайбыз. Кийинки окуу жылына (1-сентябрдан баштап) кабыл алуу февраль-апрель айында башталат.

Балдар бакчасына орноштурууда төмөнкү жарандардын балдары артыкчылыктуу укукка ээ: РФ аймагында туруктуу жашагандар (жашап туруу укугу бар), көп балалуу үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү, бала бакча кызматкерлеринин мүчөлөрү (эгер баланын атасы же энеси бала бакчада же мектепте иштесе).

Керектүү документтер

Мектеп

Россиянын аймагындагы мектеп курагындагы балдар, мектепте окууга МИЛДЕТТҮҮ: эгер баланы мектепке бербей, эмгек ишмердүүлүгүнө тартып жана начар шарттарда кармасаңыз, камкордук кызматы жана полиция сизди жоопкерчиликке тартып, балдарды өз өлкөсүнө жөнөтүшү мүмкүн.
Балдарды убактылуу келген (миграциялык каттоо/каттоо) жериңиздеги мектепке орноштуруу керек.

Баланы кабыл алуудан баш тартуунун жалгыз себеби болуп, класстарда бош орундун жоктугу эсептелет. Тигил же бул класска киргизүү окуу жылынын башталышына бир нече ай калганда башталат. Жашаган жериңизге эң жакын жайгашкан мектептин администрациясына алдын ала кайрылууну сунуштайбыз: кийинки окуу жылы үчүн (1-сентябрдан баштап) апрель-май айларында, мектептин биринчи классы үчүн кийинки окуу жылынын (1-сентябрынан баштап) февраль-апрель айларында.

Мектеп чет өлкөлүк жарандын баласын кабыл алуудан баш тартууга укугу жок. Эгер мектептин класстары толуп калып, бош орун калбай калса, окутууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү болгон эң жакын жайгашкан башка мектепке жөнөтүлөсүз. Мектеп администрациясынын мыйзамга туура келбеген аракеттерин байкасаңыз, аймагыңыздагы Билим берүү комитетинин “тынымсыз байланыш линиясына” чалып, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнө (РОНО) кайрылсаңыз болот.

Керектүү документтер

Айрым учурларда балаңыз анын мектепке даярдык деңгээлин, орус тилин билүүсүн жана кайсыл класста окуй турганын аныктай турган өзгөчө комиссиядан өтүшү керек. Эгер балаңыз россиялык мектепте окуганга даяр эмес болуп, орус тилин начар билсе, орус балдар менен баарлашуу ал үчүн оор болсо, айрым аймактарда коомдук уюмдарга кайрылып, керектүү колдоо алууга болот. Волонтерлор балдарга сабак өтүп, кызыктуу жана маданий программаларды уюштуруп, балдарга россия коомуна көнүүгө жардам берет.

Пайдалуу байланыштар

Атайын орто окуу жайына киргизүү үчүн Сиз тандаган колледжге же кесиптик училищеге түздөн түз кайрылуу керек. Жогорку окуу жайына киргизүү үчүн Сиз тандаган ЖОЖго түздөн түз кайрылып же РФ аймагында чет өлкөлүк жарандарды окууга тандаган «Учись в России» russia.study расмий сайтын колдонуңуз