МЫЙЗАМДЫ БУЗУУГА ЖООПКЕРЧИЛИК

Миграция тармагында мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга катуу жоопкерчилик каралган. Сиз россия мыйзамынын талаптарын аткарып, аны бузуудан оолак болушуңуз керек!

РФ миграция мыйзамын бузгандар үчүн жоопкерчиликти жөнгө салган мыйзамдар

РФ аймагына кирүүгө тыюу салуу (“кара тизме”)

Сизге төмөнкү учурларда РФ аймагына кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн, эгер:
– камсыздандыруу полисиңиз болбосо;
– соттуу болуп, андан кутула элек болсоңуз;
– РФ аймагында төлөй элек эсептериңиз, салыктарыңыз же айыппулдарыңыз болсо, карыздарыңыздан кутулмайынча өлкөгө кире албайсыз;
– өлкөдө документ толтурбастан 180 күндүн ичинде 90 күндөн көп жүргөн болсоңуз;
– 2 же андан көп жолу административдик эрежелерди бузганыңыз үчүн 3 жылдын ичинде айыппул салынган болсо;
– 1 жылдын ичинде 2 же андан көп жолу миграциялык режимди бузганыңыз үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган болсоңуз;
– РФ аймагында мыйзамдуу жүрүүнү 30 күндөн ашырып жиберсеңиз;
– буга чейин РФ аймагынан чыгарылып же депортацияланган болсоңуз. Эгер сиз мамлекеттин эсебинен чыгарылып же депортацияланган болсоңуз, ал чыгымдарды РФга төлөшүңүз керек.

Эгер Сиз жасалма документтерди жасап берген ортомчулардын кызматынан пайдаланган болсоңуз, РФ аймагына кирүүңүзгө тыюу салынышы мүмкүн. Сизге тыюу салынып же салынбаганын РФ ИИМ миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын сайтынан биле аласыз

Россияга РФ ИИМ линиясы боюнча кирүүгө болгон тыюуну жокко чыгарууга болот. РФ аймагына кирүүгө болгон тыюуну жокко чыгаруу тууралуу кеңири маалымат.

Административдик жоопкерчилик

Сизге айыппул салынып, өлкөдөн чыгарылууңуз мүмкүн, эгер:

– миграциялык каттоого туруу тууралуу билдирүүнү толтурбаган болсоңуз;
– полициялар кармаганда, миграциялык мыйзам талап кылган документтериңиз болбосо;
– миграциялык картада жалган кирүү максатын көрсөтсөңүз;
– керектүү документтерсиз же сиз көрсөткөн кызматтан башкасында иштесеңиз;
– миграциялык каттоого турууда жалган маалыматты көрсөтсөңүз.

!Миграция чөйрөсүндө административдик укук бузуу жоопкерчилиги сот тарабынан аныкталат. Соттук отурумда коргоочунун кызматын пайдалана аласыз, ошондой эле Сизге котормочуну берүүлөрү керек. Сиз жазуу түрүндөгү чечимди түшүнүксүз тилде алган учурдан тартып 10 күндүн ичинде соттук чечимин даттана аласыз.

РФ аймагынан чыгарууда, РФ ИИМдин тийиштүү билдирүүсү менен чет өлкөлүк жаран өз эсебинен өлкөдөн чыгып кете алат. Эгер чет өлкөлүк жаранда анын өздүгүн ырастаган документтери же миграциялык каттоого туруу тууралуу билдирмеси болбосо же укук бузуу кайталанган болсо, сот чет өлкөлүк жаранды ЦВСИГ (чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борбору) борборуна жайгаштыруу чечимин чыгарышы мүмкүн. Эгер Сиз ЦВСИГ борборуна жайгаштырылган болсоңуз, документтериңизди калыбына келтирүүгө жана жараны болгон өлкөңүзгө жөнөтүлүүгө көмөк көрсөтүңүз. Сөзсүз түрдө өлкөңүздүн консультанты менен байланышып же коомдук уюмдардан акысыз юридикалык жардам алыңыз. Сизге РФ субъектинин Коомдук байкоо салуучу комиссиясы (ОНК) жардам көрсөтүшү мүмкүн. Консулдук мекеме жана коомдук уюмдардын байланыштарын “Жардам” бөлүмүнөн таба аласыз.

Жазык жоопкерчилиги

Жасалма документтерди колдонуп жана даярдаса, чет өлкөлүк жарандын ага кирүүгө тыюу салынганын билип туруп РФ аймагына кирсе, чет өлкөлүк жарандар келген жери боюнча жасалма каттоого тургузулса, жарандар эркинен ажыратуу же чектөө, айыппул же арест түрүндөгү жазык жоопкерчилигине тартылышат.