МИГРАЦИЯЛЫК КАТТООГО ТУРУУ

Россияга келгенде, Сиз 30 күндүн ичинде келген жериңиз боюнча миграциялык каттоого турушуңуз керек.

Жумушка орношкондон кийин ЕАЭБ өлкөсүнүн иштеген жаранын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн миграциялык каттоосун мөөнөтсүз эмгек келишиминин негизинде (жыл сайын) же болбосо жалдоо келишими же иштерди/кызматты аткаруу келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин узартып туруу керек.

Миграциялык каттоого иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого туруу керек, болбосо Сиз миграциялык режимди бузганыңыз үчүн жоопкерчиликке тартылып, айып салынышы мүмкүн!

Миграциялык каттоого туруу кабыл алуучу тарап – чет өлкөлүк жаранды өзүнүн дарегине каттаган адам же уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Төмөнкүлөр кабыл алуучу тарап боло алат:
• сиз иштей турган аймакта туруктуу каттоого турган РФ жараны;
• РФ аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жаран;
• турак жайдын ээси болгон чет өлкөлүк жаран;
• юридикалык жак: жумуш берүүчү уюм, мейманкана, коммерциялык эмес уюм.

РФ аймагында турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар менчик укугун ырастаган документти көрсөтпөстөн, ал дарек боюнча өз алдынча миграциялык каттоого тура алышат.

Керектүү документтердин тизмеси

Миграциялык каттоого кантип турууга болот:
1) Чет өлкөлүк жарандын туруу жерине келгендиги тууралуу атайын билдирүү бланкын толтуруу керек. Аны РФ ИИМ сайтынан, же болбосо мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн көп функционалдуу борборлордон (МФЦ) же “Почта России” ФГУП бөлүмдөрүнөн, аймагыңыздагы Россиянын ГУВМ МВД (ИИМ Миграция маселелери боюнча башкы башкармалык) аймактык бөлүмдөрүнөн акысыз алууга болот.
Эки бөлүктө тең сөзсүз түрдө кабыл алуучу тараптын жеке маалыматтары жана чет өлкөлүк жарандын жеке маалыматтары көрсөтүлөт. Кабыл алуучу тарап-жаран бланкка кол тамгасын коюп, ал эми кабыл алуучу уюм мөөр жана жетекчинин кол тамгасын коёт.
2) РФ жаранынын (кабыл алуучу тарап) паспортунун көчүрмөсү, чет өлкөлүк жарандын паспортунун көчүрмөсү жана миграциялык картанын көчүрмөсү менен билдирүүнү “Почта России” аркылуу РФ ГУВМ МВДга жөнөтүү керек. РФ Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын (ГУВМ МВД) бөлүмүндө билдирүүнү түздөн түз берүү АКЫСЫЗ жүргүзүлөт. Көп функционалдуу борборго (МФЦ) миграциялык каттоого турууда билдирүү миграциялык кызматка көп функционалдык борбордун кызматкерлери тарабынан Сиздин катышууңузсуз жөнөтүлөт.
3) Аймагыңыздагы Россия Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын (УМВД), Көп функционалдуу борбордун (МВФ) же “Почта России” ФГУП кызматкерлери тарабынан кабыл алынгандыгы белгиленген билдирүү бланкынын айырма бөлүгүн алып, сактап коюңуз.
Бул документ чек арадан өткөндөн баштап 90 күндөн ашпаган мөөнөткө толтурулат, бирок жумушка орношуу укугун бербейт.

Миграциялык каттоого туруу тууралуу билдирүүнүн көчүрмөсүн сактап коюңуз. Эгер билдирүүнү жоготуп же бузуп алсаңыз, анын көчүрмөсү РФ Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын (ГУВМ МВД РФ) бөлүмүндө документти калыбына келтирүүгө жардам берет.