МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ

Медициналык тез жардам

!Россияда тез жана шашылыш жардам АКЫСЫЗ көрсөтүлөт! Сиздин медициналык полисиңиз жана документиңиз болбогон учурда да, медициналык шашылык жардам көрсөтүлүшү керек!

Тез жардамдын телефон номерлери – 103 же 112, мобилдик телефон аркылуу.

Тез жардам алып кеткен адамдар тууралуу маалымат алуу үчүн аймагыңыздагы кырсык учурларын каттоо бюросуна кайрылыңыз. Медициналык жардам алууда маселе чыкса, РФ Саламаттык сактоо министрлигинин тынымсыз байланыш номерине чалсаңыз болот: 8 800 200-03-89, www.rosminzdrav.ru Эгер Сизге медициналык тез жардам көрсөтүүдөн баш тартышса, даттануу үчүн жазуу түрүндөгү баш тартуу баракчасын талап кылыңыз.

Эгер сизде акы төлөнүүчү пландуу дарылануу талап кылынса – Сиз менен акысын алдын ала сүйлөшүп алуу менен, медициналык кызмат көрсөтүү келишимин түзүүлөрү керек. Айрым ооруканаларда көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын акысын төлөгөнгө чейин мигранттардын документтерин алып коюшат. Документтерди залогго алуу мыйзамсыз. Мындай учурларда прокуратура жана полицияга кайрылыңыз.

Чет өлкөлүк жарандардын (анын ичинде балдар) медициналык камсыздандыруу полиси болушу керек. Эгер полисиңиз болбосо, чек арадан өткөрбөй, эмгек келишими боюнча жумушка албай, айыппул салып, жада калса Россиядан чыгарып коюшу мүмкүн.

Медициналык полис эки түрдө болушу мүмкүн:

1) ДМС (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу)
2) ОМС (милдеттүү медициналык касыздандыруу, акысыз толтурулат)

1) ДМС полисиРФ чек арасынан өтүп жаткан ар бир чет өлкөлүк жаранда болуп, же болбосо Россияга келген күнү эле толтурулушу керек. ДМС полиси камсыздандыруу компаниясынын кеңселеринде, ошондой эле “Почта России” бөлүмдөрүндө толтурулат. ДМС полисинин баасы сиз пайдалана ала турган медициналык кызматтардын санынан жана сапатынан көз каранды. Бул маселелерди полисти сатып алып жатканда дароо тактап алуу керек. Эмгек мигранттары үчүн эң арзан ДМС полиси, эреже боюнча, мамлекеттик поликлиникалардагы жана ооруканалардагы тез жана шашылыш медициналык жардамды көрсөтүү акысын гана компенсациялап, ошондой эле адатта өлүктү мекенине кайтарууну компенсациялоо тууралуу жоболорду камтыйт.

Балдар үчүн ДМС полиси чет өлкөлүк жарандар үчүн чоңдордун медициналык камсыздандыруусуна караганда кымбатыраак турат. Айрыкча кымбат ДМС полистери эмчектеги жана жаңы төрөлгөн балдар үчүн каралган. ДМС полиси баланы мектепке алып жатканда да талап кылынышы мүмкүн. Бирок балдарга медициналык тез жардам көрсөтүү кандай болгон учурда да акысыз көрсөтүлөөрүн эске алуу керек!

Эгер аял кош бойлуулук жана төрөп жаткан учурда пландуу медициналык жардам алгысы келсе, ал бул тууралуу ДМС полисин толтуруу учурунда айтышы керек. Анткени камсыздандыруунун өзгөчө программасы талап кылынат.

ДМС полисин жумуш берүүчү толтуруп бериши мүмкүн (бирок милдеттүү эмес!). Эгер ДМС полисин жумуш берүүчүңүз аркылуу толтуруп жатсаңыз, фирмаңыздын кол коюу укугу бар жетекчинин ишеним кагазы да керектелет.

Сизге ДМС полисин берген камсыздандыруу уюмунун телефон номерин жана аталышын сөзсүз түрдө эстеп калыңыз. Эгер полисиңизди жоготуп алсаңыз, камсыздандыруу компаниясына кайрылып, калыбына келтирсеңиз болот же медициналык тез жардам керек болгон учурда анын толтурулганын ырастай аласыз. Жоготуп алуу учурларына камсыздандыруу полисинин көчүрмөсүн сактап койгон жакшы.

2) ОМС полисин толтура аласыз, эгер: убактылуу жашап туруу уруксатыңыз (РВП), жашап туруу кагазыңыз (ВНЖ); убактылуу баш калкалоочу жай берүү тууралуу күбөлүк; качкын күбөлүгүңүз болсо.

ОМС жана ДМС полистерин толтуруу үчүн керектүү документтер.

Эгер ЕАЭБге кирген өлкөнүн жараны болсоңуз жана эмгек келишими боюнча иштеп жатсаңыз, ОМС полисин толтура аласыз. Жеке эмгек келишими болбогон ЕАЭБ жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү ОМС полисин ала албайт. Алар өздөрүнө ДМС полистерин толтурушу керек.
ОМС полисин толтуруу үчүн катталган жериңиздеги поликлиникага паспортуңузду (түпнускасы жана нотариус күбөлөндүргөн орусчага которулган котормосу), СНИЛС (жеке энчилүү эсептин камсыздандыруу номери), аны Пенсиондук фонддо же Көп функционалдуу борборлордо (МФЦ) алууга болот), эмгек келишими, миграциялык карта, каттоо (миграциялык каттоого туруу тууралуу билдирүү).