ДАЯРДАНУУ ЖАНА РОССИЯГА КИРҮҮ

РФ аймагына кирүүгө ниеттенип жаткан чет өлкөлүк жаранга кеңештер:

• орус маданий нормаларын жана орус тилин сүйлөшүү жана иштөөгө жетиштүү деңгээлде билиңиз.

• тилди билүү деңгээлиңизди текшерүү жана жогорулатуу үчүн Andoid үчүн арналган сайттарды жана колдонмолорду пайдаланыңыз: «Россия для всех» (Өзбекче), TORFL GO, pushkininstitute.ru – портал «Орус тилинде билим берүү», mezhdunami.orgrussky.inforustest-online.ru

• россия мыйзамын жана миграция, социалдык жана эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү негизги эрежелерди билиңиз; миграциялык каттоого туруу эрежелери жана Россияда жумушка орношуу эрежелерин окуп чыгыңыз. Бул темалар боюнча маалыматты, материалдарды биздин сайттан таба аласыз

• өлкөңүздөн чыкканга чейин жумуш берүүчүнү таап, аны менен эмгек келишимин толтуруу аркылуу легалдуу (мыйзамдуу) жумушка орношууну макулдашып алыңыз.

•жумуш издөө үчүн расмий ресурстарды, мисалы жалпы россиялык бош жумуш орун базасы trudvsem.ru сайтын колдонуңуз

• Россиянын ИИМ расмий сайтынан сизге Россияга кирүүгө тыюу салынбаганын текшериңиз.

• медициналык камсыздандыруу полисинтолтуруңуз.

• Россияда жардам бере алган мамлекеттик жана коомдук уюмдардын байланыш маалыматтарын билип алыңыз.

• алгачкы убакытта турак жайды ижарага алуу, документтерди толтуруу жана тамак-ашка 2-3 айдай жете турган өлчөмдөгү акчаңыз болсун.

Чек арадан өтүү жана миграциялык картаны толтуруу

Евразия Экономикалык Союзунун (Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы), ошондой эле Украинанын жарандары РФ аймагынын чек арасынан ички паспорт менен өтүүгө укуктуу. 

КМШ (Өзбекстан, Тажикстан, Молдова, Азербайжан, Украина) жана ЕАЭБ жарандары РФ аймагына визасыз кирүү жана 180 күндүк ар бир мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө укуктуу.

Россияга кирип жатканда Сиздин камсыздандыруу полисиңиз болушу керек. Полисти мекенинен же Россиянын аймагына кирген күнү ар кайсыл камсыздандыруу уюмунан, ири аэропорттордо жана вокзалдарда, ошондой эле Россия Почтасынын бөлүмдөрүнөн алуу керек. Полисте медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары жана Россиядагы камсыздандыруу компаниясынын байланыш маалыматтары көрсөтүлүшү керек.

РФ аймагына кирүүдө чет өлкөлүк жаранга МИГРАЦИЯЛЫК КАРТА АКЫСЫЗ берилет. Сиз аны толтуруп, чек ара көзөмөлүнүн кызматкерлерине көрсөтүшүңүз керек. Латын тамгалары менен паспортуңузда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарга ылайык жазууга болот. Айрым учурларда миграциялык карта Россиянын Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан чек ара көзөмөл пунктунда ээсинин документтерине ылайык толтурулат.

!Миграциялык картада РФ аймагына кирүү максатыңыз туура көрсөтүлгөнүн текшериңиз! Россияга кирүү максатын (жеке иштер, жумуш, окуу, туризм ж.б.) туура көрсөтүү абдан маанилүү. Киргенден кийин аны өзгөртө албайсыз.

РФ аймагына кирүү фактысы атайын кирүү штампы менен ырасталат. Аны чек ара көзөмөлүндөгү кызматкер Сиздин чет өлкөлүк паспортуңузга жана миграциялык картаңызга коёт. Штамп эки документиңизге тең коюлганын текшериңиз! (Эгер Россиянын аймагына ички паспорт менен кирип жатсаңыз, штамп миграциялык картага гана коюлат). Штампта чек арадан өткөн күн даана көрүнүп турушу керек, болбосо Сиз мыйзамсыз кирүүгө шектелишиңиз мүмкүн.

!Миграциялык карта чек арада гана легалдуу түрдө толтурулат. Миграциялык карталарды эч качан башка адамдардан албаңыз. Жасалма миграциялык картаны көрсөтсөңүз, Сизге айып салынып, РФ аймагынан чыгаруу жана кайра кирүүгө тыюу салуу жазасы колдонулат. Билип туруп жасалма документти колдонсоңуз, жазык жоопкерчилигине тартыласыз.

Орус тили, Россиянын тарыхы жана мыйзамы боюнча тесттен өтүү, медициналык күбөлөндүрүү тууралуу кеңири маалымат.